icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Түп районунда Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш,архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги облустардагы архитектура башкармалыктары үчүн жаңы имараттарды куруп жатат.

Министр Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында Түп районундагы Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Курулуш министри өз сөзүндө, айыл жана шаарлардын инфратүзүмүн өнүктүрүүдө архитектура жана архитекторлордун салымы зор экендигин белгиледи.

Жалпы 288 чарчы метрди ээлеген имаратта жети кабинет, жыйындар жана күтүү залы, техникалык бөлмө бар. Ал заманбап стандарттарга ылайык курулуп, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар, жарандар үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн.

Белгилей кетсек, жаңы административдик имараттар мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички ресурстары менен курулууда. Учурда өлкө боюнча ондогон жаңы имараттар салынып жатат.