icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Курулушта сертификаттоо борборунун бир айлык отчету

2025-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору тарабынан республика боюнча 480 шайкештик сертификаты берилди. Ал эми документтер кайтарылган 10 учур катталды.

Борбордун лабораториясында бир ай ичинде жалпы 4470 сыноо жүргүзүлдү, бул өлкө боюнча курулуш материалдарынын жана иштеринин сапаты көзөмөлдөнүп жатканын тастыктайт.

Жалпысынан 2025-жылдын алгачкы тогуз айында борбор тарабынан 2966 шайкештик сертификаты берилип, 61инин документтери кайтарылган. Ал эми лабораторияда 25 159 сыноо жүргүзүлгөн, бул курулуш тармагындагы сапатты көзөмөлдөө жана стандартташтыруу деңгээлинин жогору экенин көрсөтөт.

Салыштыруу үчүн айтсак, 2024-жылы борбор 1666 шайкештик сертификатын берип, 16 428 сыноо жүргүзгөн. Бул сертификациялоо жана сыноо иштеринин көлөмү туруктуу өсүп жатканын айгинелейт.

Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору курулуш иштеринин сапатын жана коопсуздугун камсыз кылууну улантып, өлкөнүн инфратүзүмүн өнүктүрүүгө жана жарандардын курулуш тармагына болгон ишенимин арттырууга салым кошууда.