icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Шаар куруудагы комплекстүү талдоо аяктады

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгында башкы планды иштеп чыгуунун алкагында жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга башкармалыктын башкы архитектору Медербек Кыдырмаев, анын орун басары Азирет Акимов, Келечектүү шаар куруу илимий-изилдөө институтунун башкы директору Павел Спирин жана КШК ИИИдеги Бишкек шаарынын башкы планынын долбоорунун жетекчиси Ирина Гришичкина катышты.

Жолугушуунун алкагында Павел Спирин шаар курууну комплекстүү талдоонун жыйынтыгы менен тааныштырды. Алдыда Бишкек шаарынын башкы планынын акыркы долбоордук сунуштары даярдалат.