Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз курулуш объектилерине текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Иш-чаранын алкагында Ноокат районунун Бел айыл аймагында жергиликтүү тургун тарабынан таш майдалоочу техникалар тиешелүү уруксат кагаздары жок жерде иштеп жаткандыгы аныкталды.
Башкармалык тарабынан уруксаты жок ээлеп алган жерди бошотуу боюнча тургундарга эскертүү берилип, иши токтотулуп, таш майдалоочу техникалар алынды.
Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан текшерүү иштери курулуш тармагындагы
тартипти бекемдөө максатында мындан ары да үзгүлтүксүз улантылат.


