icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бишкек: Фрунзе көчөсүнө төшөлгөн асфальттын сапаты көзөмөлгө алынды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Фрунзе көчөсүнүн Гоголь көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү асфальттын сапаты көзөмөлгө алынды.

Иш-чаранын жүрүшүндө башкы подрядчы "Кайнар" жабык акционердик коомуна асфальттын катмарларындагы кемчиликтер боюнча кошумча төшөө зарылдыгы тууралуу жазуу түрүндө эскертүү берилди. Ошондой эле, курулуш ченемдерин жана эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Учурда аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча башкы подрядчы тарабынан иштер жүрүп жатат.