icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бишкек: Коопсуздук эрежелерин сактабаган компанияга айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти борбор калаадагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүүдө.

Бул иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын Табалдиев көчөсү №13 дарегиндеги “Козен” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан объект текшерилди. Текшерүү учурунда объектинин мыйзамдуулугун тастыктаган бирдиктүү паспорттун жоктугу жана коопсуздук техникасы боюнча талаптар сакталбагандыгы аныкталды. 

Натыйжада, “Козен” ЖЧКга карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин негизинде акт түзүлүп, 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.