Кыргыз
Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба
министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун
Түштүк аймактык башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Ноокен
районуна караштуу Ноошкен айылында жайгашкан асфальт-бетон аралашмаларын
өндүрүүчү заводдо текшерүү иштерин жүргүздү.
Текшерүүнүн
жүрүшүндө адистер өндүрүштүк технологиялык процессти изилдеп, анын белгиленген
техникалык талаптарга шайкештигин баалады. Ошондой эле, лабораториялык шартта
сертификациялык сыноолорду өткөрүү үчүн продукциядан үлгүлөр алынды.
Сыноолордун
жыйынтыгы боюнча продукциянын ченемдик документтерге шайкеш же шайкеш эместиги
тууралуу чечим кабыл алынат.
Курулушта
сертификаттоонун республикалык борбору курулуш материалдарынын сапатын
көзөмөлдөөнү улантып, курулуш тармагында коопсуздук менен ишенимдүүлүктү камсыз
кылууда.


