Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин көзөмөлүндө Сокулук районундагы борбордук стадиондун реконструкциялоо жана курулуш иштери 2024-жылдын декабрь айында башталган.
Курулуш министрлиги тарабынан долбоорго ылайык, эл аралык талапка жооп берген, 2000ден ашык көрүүчүгө ылайыкталган стадион жана заманбап спорт комплекс курулду.
Бүгүнкү күндө
объект толугу менен бүткөрүлүп, ачылыш аземине даяр.


