Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан Манас шаарынын №35 кондоминиумунун жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн алкагында Манас шаарынын Пушкин көчөсү 136 жана Жамбыл көчөсү 83 даректеринде жайгашкан көп кабаттуу турак жайлардын айланасындагы коммерциялык максатта пайдаланылып жаткан курулуштар каралды.
Натыйжада, мыйзамсыз курулуштар аныкталып учурда 3 объект өз ээлеринин демилгеси менен бузулду. Мындан сырткары, 3 жаранга жалпысынан 220 000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, тиешелүү акт, протокол түзүлдү.
Белгилей кетсек, Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин
тапшырмасы менен өлкөдөгү курулуш объектилеринин мыйзамдуулугу, курулуштун
сапаты тыкыр текшерилип, көзөмөлгө алынууда.


