Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Сокулук райондук башкармалыгынын архитекторлору тарабынан Гавриловка айыл аймагындагы 308–321-контурдагы жер тилкесин жайыт категориясынан парк зонасына трансформациялоо боюнча атайын парктын эскиздик долбоору иштелип чыкты.
Бул долбоордун негизги максаты-жергиликтүү тургундар үчүн экологиялык жактан таза, эс алууга ылайыктуу коомдук мейкиндик түзүү. Эскиздик долбоорго ылайык, парктагы жашыл аймагы, жөө жүрүүчү жана эс алуу аянтчалары каралган.


