icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Шералы айылында 225 орундуу мектеп курулууда

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шералы айылында наркы 184 миллион сомду түзгөн жаңы мектеп курулууда. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюдеттин эсебинен каржыланууда. 

Башкы план боюнча жалпы аянты 2563 чарчы метрди түзгөн заманбап билим уясы 225 орунга ылайыкталып, үч блоктон турат. Курулуш монтаждоо иштери “Агым Прогресс” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.