Курулуш министринин орун басары Бактыяр Станбеков Кыргыз Республикасынын курулуш министрлигинин Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын жамаатына начальниктин жаңы орун басарын тааныштырды.
Арсен Кыдыралиев начальниктин орун басары болуп дайындалды жана санариптештирүү багытын, укуктук камсыздоо бөлүмүн, “Бирдиктүү терезе” жана башка бөлүмдөрдү жетектейт. Жаңы жетекчини жамаатка тааныштыруу жыйындар залында болуп өттү.
Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын
начальниги Арсен Кыдыралиевди иш бөлмөсү менен тааныштырып, алдыдагы иштерине
ийгиликтерди каалады.
Начальниктин буга чейинки орун басары Назгүл Койбагарова
өз каалоосу менен кызматтан бошотулду.


