Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Талаа айылында наркы 96 миллион сомду түзгөн жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2023-жылы башталган. Азыркы тапта имарат 45 пайызы бүткөрүлдү.
Башкы долбоор боюнча мектеп 150 орунга ылайыкталган заманбап эки кабаттуу окуу корпусу спорт залы менен салынууда. Имараттын жалпы аянты 1351 чарчы метрди түзүп, мындан тышкары сырткы спорт аянтчасы жана аймакты көрктөндүрүү каралган.
Курулуш-монтаждоо иштерин “ЗиАР Строй” ЖЧКсы аткарып жатат.


