icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кыргызстан БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын 86-сессиясына катышты

2025-жылдын 8-10-октябрь күндөрү Женева шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын (UNECE) Туруктуу өнүгүү, турак жай жана жер пайдалануу боюнча комитетинин 86-сессиясы өтүп жатат. Ага 30дан ашуун өлкөнүн министрлери жана жогорку даражалуу өкүлдөрү катышууда.

Иш-чаранын алкагында турак жайга жеткиликтүүлүк, коомдук жана социалдык турак жай фондун кеңейтүү, жеке сектордук инвестицияларды тартуу, жер саясатын өркүндөтүү жана кыска мөөнөттүү ижараны жөнгө салуу маселелери талкууланды. Ошондой эле климаттык туруктуулук, инновациялык курулуш технологиялары жана эски имараттарды кайра пайдалануу сыяктуу темалар көтөрүлдү. 

Жыйынга Кыргыз Республикасынын атынан Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу катышты. Ал өз сөзүндө, Кыргыз Республикасынын турак жай саясаты, өнүгүү багыттары жана эл аралык кызматташтыкка болгон даярдыгы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, Кыргызстан аталган эл аралык демилгенин алкагында "Менин үйүм" долбоорун ийгиликтүү ишке ашырып жатканын белгилеп, акыркы үч жыл ичинде бул программа аркылуу 25 миңге жакын үй-бүлө мамлекеттик ипотека аркылуу турак жайлуу болгонун билдирди.

Сессияда министрлер турак жай-адам укугу экенин белгилеп, бул маселени БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарынын жана Женева хартиясынын маанилүү бөлүгү катары таанып, биргелешкен аракеттерди улантуу чечимине келди.

Белгилей кетсек, UNECE комитетинин маалыматына ылайык, учурда дүйнө жүзү боюнча 2 миллиарддан ашуун адам турак жайга муктаж.