icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кочкордо Юстиция министрлигинин имараты курулууда

Нарын облусунун Кочкор районунда наркы 40 миллион сомду түзгөн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылууда.

Жалпы аянты 748 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат бардык шарттары менен салынууда. Объекттин курулуш иштерин “Монолит RG” ЖЧКсы аткарып, азыркы тапта имараттын чатырын жабуу этабына жетти.