Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери Бишкек шаарынын Учкун конушунда курула турган жаңы мектептин аянтындагы топуракка сыноо жүргүзүштү.
Сыноо учурунда борбордун адистери жер катмарынын тыгыздыгын текшерип, керектүү үлгүлөрдү жана өлчөөлөрдү алып, аларды лабораториялык талдоого жөнөтүштү. Алынган маалыматтар мектеп имаратынын пайдубалынын сапатын жана ишенимдүүлүгүн баалоого мүмкүндүк берет.
Мындай сыноолор өлкө аймагындагы бардык курулуш
объектилеринде жүргүзүлөт. Бул-курулуш
иштеринин коопсуздук талаптарына жана бекитилген стандарттарга ылайык, сапаттуу
жүрүшүн камсыз кылуу үчүн зарыл.


