Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош шаардык башкармалыгынын архитекторлору тарабынан Ош шаарындагы Облустук клиникалык оорукананын жанында жайгашкан жер тилкеге курулуучу муниципалдык унаа токтотуучу жайдын эскиздик долбоору иштелип чыкты.
Бул долбоордун
негизги максаты-райондордон келген авто унаалар үчүн ыңгайлуу жана иреттүү жай түзүү.


