icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абад: Өкүртү айылында жаңы мектеп курулууда

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү айылында жаңы мектеп салынууда. Объектин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Быйыл жыл аягына чейин курулушту бүткөрүү пландалууда. 

Башкы план боюнча мектеп 275 орунга ылайыкталып, заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу окуу корпусунан жана спорт залынан турат. Имараттын наркы  132 миллион сомду түзөт. 

Курулуш-монтаждоо иштерин “АСТАС строй” ЖЧКсы жүргүзүүдө.