Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш,архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги облустардагы архитектура башкармалыктары үчүн жаңы имараттарды куруп жатат.
Министр Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында Чолпон-Атадагы Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын курулушу менен таанышты.
Долбоорго ылайык, жалпы 512 чарчы метрди ээлеген имаратта, жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмө бар. Заманбап стандарттарга ылайык курулуп жаткан имаратта кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар, жарандар үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлөт.
Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 80 пайызы бүткөрүлдү.
Белгилей кетсек,
жаңы административдик имараттар мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички
ресурстары менен курулууда. Учурда өлкө боюнча ондогон жаңы административдик
имараттар салынып жатат.


