Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Чек ара кызматынын аймагында төшөлгөн асфальт-бетонго сыноо жүргүзүштү.
Иш сапардын жүрүшүндө адистер асфальт-бетон жабуусунун сапатын текшерүү үчүн керектүү сыноолорду жүргүзүп, керн алды.
Лабораториялык сыноолордун жыйынтыгы боюнча материалдардын белгиленген талаптарга жана сапат стандарттарына шайкеш келүүсү же келбестиги жөнүндө корутунду берилет.


