Нарын шаарында “Наристе-Нур” атындагы 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулуш иштери башталды. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Объекттин наркы 110 миллион сомду түзөт. Жалпы аянты 1124.43 чарчы метр болгон бала бакча заманбап талаптарга жооп берген жабдуулар менен камсыздалып эки кабаттуу имарат салынат. Ошондой эле балдардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн сырткы ойноо аянтчасы да курулат.


