Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ат-Башы райондук башкармалыгынын архитекторлору тарабынан туристтик лагердин эскиздик долбоору иштелип чыкты.
Туристтик лагер Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Көк-Кыя өрөөнүндөгү Кел-Суу көлүнүн жээгинде жайгашкан.
Долбоорго ылайык,
этно шаарча, заманбап мейманкана, унаа
токтотуучу жай, оюн аянтчалары, ат минуучу аянтча жана башка имараттар
камтылган.
Бул долбоордун
негизги максаты-туристтик лагерди иретке келтирүү жана заманбап шарттар менен эс
алуучуларга кызмат көрсөтүү.


