Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объектилери көзөмөлдөнүүдө.
Иш-чаранын алкагында Москва районунун Садовое айылынын Совет көчөсүндөгү газ куюучу станциянын курулушка тиешелүү долбоордук уруксат документтери жок экендиги аныкталды.
Натыйжада,
аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу турүндө эскертүү берилди.
Ошондой эле, протокол түзүлүп 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.


