Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жак-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Манас райондук башкармалыгы тарабынан дизайн-коддун талаптарына ылайык иретке келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Дизайн-код райондук башкармалык тарабынан бекитилип, учурда бир катар объект, имарат жана курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшү оңдолуп, аталыштары белгиленген тартипте жазылууда.
Дизайн-код-бул
райондун архитектурасын, көчө-жолдорун, коомдук жана турак жай имараттарын
бирдиктүү стилистикалык багытта өнүктүрүүнү камсыздаган документ. Анын негизги
максаты-аймактын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана жарандар үчүн сапаттуу
жашоо чөйрөсүн түзүү болуп саналат.


