icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абад: Кашка-Теректеги жаңы мектептин курулушу аяктап калды

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кашка-Терек айылындагы 225 орундуу жаңы мектептин курулушу кызуу уланып жатат. Курулуш иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Долбоорго ылайык, мектеп эки кабатуу курулуп, окуучулар жана окутуучулар үчүн заманбап бардык шарттар каралган. Мектептин жалпы аянты 1595,46 чарчы метрди түзөт. 

Курулуш иштери министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп, “Адис строй” ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылып жатат. 

Белгилей кетсек, объектинин курулушун 2025-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.