Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен регионалдык башкармалыгы тарабынан көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Иш-чаранын алкагында Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндө жайгашкан “Элит Грант” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан объект текшерилди. Текшерүү учурунда объектинин коопсуздук техникасы боюнча талаптар сакталбагандыгы аныкталды.
Натыйжада, “Элит
Грант” ЖЧКсына карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин
негизинде акт түзүлүп, 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.


