Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Алга айылында курулуп жаткан 90 орундуу жаңы бала бакча жыл аягына чейин бүткөрүлөт. Долбоор Турак жай жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен кажыланууда. Объекттин наркы 68 миллион сомду түзөт.
Бала бакчанын жалпы аянты 1867 чарчы метр, эки кабаттан турат. Заманбап талаптардын негизинде курулуш иштери "Мастер-Строй-Сервис и Ко" ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө. Объекттин курулушу 2024-жылы башталган.


