2025-жылдын 13-октябрына караган түнү Бишкек шаарынын Юнусалиев көчөсү 41а дарегинде жайгашкан 8 кабаттуу соода комплексинин курулуш объектисинде өрт чыккан.
Аталган өрт кырсыгы боюнча Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан тиешелүү текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн
жыйынтыгында, аталган объектиде курулуш конструкциялары (леса) жана
опалубкалардын күйүп кеткендиги аныкталган. Катталган факт боюнча курулуш
иштерин жүргүзүп жаткан “Маэстро Кей Джи” ЖЧКсына коопсуздук талаптарын сактабагандыгына
байланыштуу жазуу түрүндө эскертүү берилип, аныкталган бузууларды жоюу
милдеттендирилди.
Атап айтканда:
- курулуш аянтчасындагы коопсуздук
чараларын камсыздоо;
- Кыргыз
Республикасынын СН 12-02:2018 "Курулуш өндүрүшүн уюштуруу"
нормаларын так сактоо;
- өрт
коопсуздугу жана эмгекти коргоо боюнча талаптарды аткаруу.
Мындан тышкары, окуя болгон жерде акт жана протокол түзүлүп, анын негизинде 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле өрттүн кесепеттерин жоюу боюнча көрсөтмө берилди. Ага ылайык, курулуш конструкцияларынын абалы боюнча расмий корутунду алуу үчүн Имараттарды жана курулмаларды изилдөө жана долбоорлоо боюнча мамлекеттик институттун (ГИССИП), ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрт коопсуздугу кызматынын корутундулары сунушталууга тийиш.
Объектидеги курулуш иштери өрттүн кесепеттери толук жоюлуп, ГИССИПтин расмий корутундусу алынмайынча убактылуу токтотулду.
Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлиги курулуш объектилериндеги коопсуздук ченемдеринин сакталышын көзөмөлдөөнү улантат жана бардык подрядчы уюмдарды белгиленген талаптарды так аткарууга чакырат.


