Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулууда. Объекттин курулушу 2024-жылы башталып, наркы 70 миллион сомду түзөт. Каржылоо республикалык бюджеттен каралган.
Долбоордун негизинде жалпы аянты 950 чарчы метрди түзгөн заманбап шарттары менен үч кабатуу имарат салынууда.
Курулуш-монтаждоо иштерин “ЭКАРАС-5” ЖЧКсы аткарып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө.


