icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Шаар курууну санариптештирүүдөгү Кыргыз-Грузин кызматташтыгы

2025-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин орун басары Бактыяр Станбеков башында турган делегация Грузия Республикасынын экономика жана туруктуу өнүгүү министринин орун басары Нино Енукидзе жана Азия өнүктүрүү банкынын Грузиядагы өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрликтердин негизги иш багыттары айтылып, аймактык пландоо, архитектура-курулуш тармагына санариптик картографиялык база түзүү боюнча кызматташуу жана өз ара жардам берүү багыттары аныкталды. 

Тараптар шаар куруу тармагын санариптештирүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды колдонуу боюнча өз ара тажрыйба алмашуу жана кызматташууну макулдашты.