icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Грузия: Курулуш тармагындагы санариптештирүү маселелери талкууланды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин орун басары Бактыяр Станбековдун жетектөөсүндөгү жумушчу топ Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен бирге Грузиянын Тбилиси шаарына жумушчу сапар менен барды.

Иш сапардын алкагында Грузиянын Аймактык жана шаардык өнүктүрүү агенттиги жана Улуттук мамлекеттик каттоо агенттигинин жетекчилиги менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушууда санариптик чечимдерди, BIM технологияларын жана шаар куруу кадастрын киргизүү маселелери талкууланды.

Тараптар санариптик платформаларды түзүү боюнча тажрыйба алмашып, туруктуу санариптик өнүгүү максаттарына жетүү үчүн негизги көрсөткүчтөрдү аныкташты.

Министрдин орун басары Бактыяр Станбеков архитектура-курулуш тармагындагы маалыматтык технологияларды колдонуу маанилүүлүгүн баса белгилеп, техникалык аспектилерди үйрөнүү максатында IT адистер үчүн өзүнчө жолугушууну демилгеледи.