Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк регионалдык башкармалыгы тарабынан Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Ачы айылында жайгашкан керамикалык кыш чыгаруучу заводдо текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн алкагында адистер продукциянын өндүрүш процессин изилдеп, аны жалпы техникалык талаптарга ылайык талдап чыгышты. Ошондой эле сертификациялык сыноолорду өткөрүү үчүн үлгүлөр алынды.
Сыноолордун жыйынтыгы боюнча продукциянын ченемдик
документтин талаптарына ылайык же ылайык эместиги тууралуу чечим кабыл алынат.


