icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Жолду кеңейтүү боюнча эскиздик долбоор даярдалды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан Керме-Тоонун Төлөйкөн кичи шаарчасындагы кеңейтиле турган жолдун эскиздик долбоору иштелип чыкты.

Ош шаарынын Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Төлөйкөн кичи шаарчасындагы көп кабаттуу турак үйлөр жана социалдык объектилерге (мектеп, бала бакча ж.б.) алып баруучу эски, тар жана жүрүүгө кооптуу жол талаптарга ылайык кеңейтилет. 

Долбоордун максаты, тургундардын коопсуздугун камсыздоо жана күнүмдүк жашоо шарттарын жакшыртуу.