icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чүй: Мыйзамсыз курулуп жаткан эс алуу жайынын курулушу токтотулду

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан курулуш объектилери көзөмөлдөнүүдө.

Иш-чаранын алкагында, башкармалык тарабынан Кемин районунун Чолок (Датка-Кемин) айылында жер тилкесин өз алдынча мыйзамсыз пайдалангандар аныкталды. Башкача айтканда айыл чарба багытындагы жерге уруксат кагазы жок эс алуучу жайдын курулуш иштери жүргүзүлгөндүгү маалым болду. 

Текшерүү учурунда, куруучу тарабынан долбоордук документтер, курулушка уруксат берүү жана макулдашуу кагаздары көрсөтүлгөн эмес.

Натыйжада, тиешелүү акт, протокол түзүлүп, мыйзам бузуучуга карата административдик чаралар көрүлдү. Ошондой эле, 200 000 сом айып пул салынып, курулуш иштери токтотулду.