Ош облусунун Араван районуна караштуу Сырт айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Объекттин тендердик баасы 109 миллион сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланууда.
Долбоорго ылайык, мектеп эки кабаттуу курулуп үч блоктон турат. Окуучулар жана мугалимдер үчүн билим алууда бардык шарттар каралат.
Курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп, “Перспект проект” ЖЧКсы жүргүзүүдө.


