icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бишкектеги музыкалык-педагогикалык институттун жатаканасы жаңыланды

Бишкек шаарындагы Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык институттун жатаканасы 69 миллион сомго толук капиталдык оңдоодон өтүүдө. Жаңылоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 2024-жылдын август айында башталган. Жакынкы күндөрү жатакананы пайдаланууга берүү пландалууда.

Оңдоо иштеринин алкагында имараттын терезелери, эшиктери, жылытуу жана жарыктандыруу системалары толугу менен жаңыланды. Ошондой эле фасады кайрадан жасалып, ички жасалгалоо иштери жүргүзүлдү.