icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Курулуш министри Нурдан Орунтаев Лю Цзянпин менен жолукту

Бүгүн, 15-октябрда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде курулуш тармагындагы маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу жана тармакка заманбап технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.

Министр Нурдан Орунтаев Кытай Эл Республикасы менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш тармагында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып, инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын билдирди.

Ал өз сөзүндө: “Кытай – курулуш тармагындагы локомотив жана биздин негизги өнөктөшүбүз”, - деп белгиледи. Ошондой эле, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандын курулуш тармагына болгон колдоосун белгилеп, тармактагы активдүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди. 

Ал эми элчи Лю Цзянпин Кыргызстандын курулуш тармагынын келечеги кең экенин билдирип, соңку жылдардагы жетишкендиктерди белгиледи. 

Белгилей кетсек, 2025-жылдын башынан тартып эки өлкө ортосунда 23 инвестициялык долбоор каралып, анын 17си Кытайдын улуттук стандарттарына ылайык ишке ашырылууда. Алардын катарында темир жол куруу, кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоо, энергия өндүрүү жаатындагы бир катар долбоорлор бар.