Талас районунун Ак-Жар айылындагы А.Султанбеков мектебинин курулушу жыл аягына чейин бүткөрүлөт. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланууда.
Жаңы мектеп 150 орунга ылайыкталып, эки кабаттуу окуу корпус спорт залы менен салынды. Башкы план боюнча билим уясы заманбап талаптарга жооп берген жабдуулар менен камсыздалып, билим алуудагы жакшы шарттар каралат.
Объектин курулушу 2023-жылы башталган, азыркы тапта курулуш иштери 62 пайызга аткарылды.


