icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Араван-Ак-буура каналынын курулуш объектисинен топурактын үлгүсү алынды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк регионалдык башкармалыгы тарабынан Ош облусундагы “Араван-Ак-Буура каналын кайра куруу" объектисинен топурактын үлгүлөрү алынды.

Сыноо иштери топурактын катмар кабатынын тыгыздыгын жана табигый нымдуулугун  текшерүү  максатында жүргүзүлдү.

Алынган топурактын үлгүлөрү сыноо лабораториясына жөнөтүлүп, ченемдик документтерге ылайык топурактын нымдуулугун жана кургактыгын аныктоо үчүн изилденет. Контролдук сыноонун жыйынтыгы топурактын тыгыздыгы канчалык деңгээлде тапталгандыгын жана сапатын аныктап, курулуш иштеринин ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн колдонулат.