icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош-Бишкек жолундагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан Ноокен районундагы Ош-Бишкек жолунун боюнда жайгашкан мыйзамсыз курулуштарга карата тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында Ноокен районунун Масы айылындагы Ош-Бишкек жолунун кызыл сызыгына кирип кеткен мыйзамсыз ондон ашык курулуш объектилери буздурулууда. 

Белгилей кетсек, аталган аймак боюнча буга чейин тиешелүү эскертүүлөр берилип, жер тилкесин мурдагы калыбына келтирүү талабы коюлган. Бирок белгиленген талаптар аткарылбагандыктан, мыйзам чегинде бузуу иштери жүргүзүлүп жатат.