icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Курулуш министрлигинде Корея Республикасынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду

Бүгүн, 16-октябрда Курулуш министринин орун басары Бакай Турдугулов Корея Республикасынын делегациясы менен жолугушту.

Жолугушуунун максаты - инвестициялык климатты түзүү, бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу жана курулуш тармагына инновациялык чечимдерди киргизүү.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2024-жылдын 5-июнунда кабыл алынган № 70-чуа жобосунун талаптары талкууланды, ага ылайык Курулуш министрлиги бир катар мамлекеттердин - Россия Федерациясы, Кытай Эл Республикасы, Корея Республикасы, Япония жана АКШнын, ошондой эле Европа Биримдигинин еврокоддорунун курулуш стандарттарын тааныйт.

Бул жобо кабыл алынгандан бери, техникалык кеңеш 23 инвестициялык долбоорду карап чыгып, жактыргандыгы белгиленди.

Ченемдик актынын кабыл алынышы макулдашуу жол-жоболорун кыйла жөнөкөйлөштүрүп, чет элдик өнөктөштөрдүн Кыргызстандын курулуш тармагына болгон ишенимин бекемдөөгө, инвестициялардын өсүшүнө жана эл аралык кызматташтыктын өнүгүшүнө маанилүү кадам болду.