icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кыргызстан Азербайжандагы шаар куруу форумуна катышты

15–16-октябрда Ханкенди шаарында Үчүнчү Азербайжан Улуттук шаар куруу форумунун ачылыш аземи болуп өттү.

Үчүнчү Азербайжан Улуттук шаар куруу форуму-шаар куруу саясатындагы көп тараптуу кызматташтык үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.

Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бактыяр Станбеков Түркмөнстандын Курулуш жана архитектура министринин орун басары Берди Халыков, Азербайжан Республикасынын Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик комитетинин төрагасы, ошондой эле Тажикстан Республикасынын Архитектура жана курулуш комитетинин төрагасынын орун басары Абдужабборри Назирзода менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө шаар куруу тармагынын өнүгүүсүнүн негизги багыттары жана курулуш тармагындагы ички процесстерди санариптештирүү маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана ар бир өлкөдө колдонулуп жаткан алдыңкы чечимдерди киргизүү макулдашылды.