icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Манас участкасында жаңы мектептин курулушу башталды

Ош облусунун Араван районунун Манас участкасында 275 орундуу мектептин курулушу башталды. Долбоор Турак жай-жаран курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланат.

Салына турчу жаңы мектеп заманбап талаптарга жооп берген эки кабатуу окуу корпусу спорт залы менен курулат. Объекттин наркы 181 миллион сомду түзүп, курулуш-монтаждоо иштерин “Бак Кел” ЖЧКсы жүргүзүүдө.