Кыргыз
Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери тарабынан
Бишкектин айланма жолундагы эстакаданы курууда колдонулган 30 метрлик
темир-бетон тибиндеги көпүрөнүн устундары текшерилди.
Текшерүүнүн
жүрүшүндө материалдын жаракаларга туруктуулугун, бекемдигин жана кубатуулугун,
ошондой эле курулуш нормаларына жана стандарттарына шайкештигин баалоо үчүн
сыноолор жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн
максаты - аткарылган иштердин жана колдонулган материалдардын сапатын
көзөмөлдөө, конструкциялардын коопсуздук жана эксплуатациялык ишенимдүүлүк
талаптарына шайкештигин тастыктоо.


