icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Курулуш тармагында алгачкы жолу футболдук турнир өтөт

19-октябрда Бишкектеги “Алга” спорт комплексинде Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин демилгеси менен курулуш компаниялар арасында биринчи жолу футболдук турнир-Курулуш лигасы (К-лига) өтөт. Турнирди Курулуш министри Нурдан Орунтаев ачып берет.

Футбол талаасында беттеше турган командалар өлкөбүздөгү ири жана чакан курулуш компанияларынын кызматкерлеринен түзүлдү.

Турнирдин максаты-тармактагы ынтымакты бекемдөө, кызматташууну арттыруу жана сергек жашоо образын жайылтуу.

Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга сыйлыктар тапшырылат.
Бардык спорт сүйүүчүлөрдү жана кесиптештерди бул маанилүү иш-чарага чакырабыз!