icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ысык-көл: Курулуш мыйзамдарын бузган дүкөнгө айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан Каракол шаарындагы курулуш объектилери көзөмөлдөнүүдө.

Иш-чаранын алкагында Каракол шаарынын Жусаев көчөсү 174 дарегинде кеңейтилип жаткан “Оптовые цены” дүкөнүнүн кошумча курулушуна шаар куруу корутундусу иштелип чыкпагандыгы аныкталды. Ошондой эле долбоор Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан макулдашылбагандыгы белгилүү болду.

Натыйжада, дүкөндүн ээси административдик жоопкерчиликке тартылып, 200 000 сом айып пул салынды.