Курулуш министрлиги
тарабынан Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан
“Жыргалаң” тоо курортундагы “Ала-Тоо Резорт” ири долбоорун ишке ашыруунун
негизинде азыркы учурда суу тазалоо системасынын курулушу жүргүзүлүүдө.
Иштин жүрүшүндө пайдубалдын тумбалары куюлуп, резервуар казылган чуңкурда сууну агызуу үчүн арык казылып, дренаждык түтүкчөлөрдү төшөө иштери аткарылууда.
Белгилей кетсек, “Жыргалаң” тоо курортун куруу Президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленип, кыргыз туризм багытындагы ири долбоорлордун бири болуп эсептелет.


