icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бакуда “жашыл” курулуш жана тармакты санариптештирүү маселелери талкууланды

17-октябрда Азербайжан Республикасынын Баку шаарында Урбанистикалык форумдун жыйынтыктоочу иш-чаралары болуп өттү.

Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бактыяр Станбеков Азия өнүктүрүү банкынын тармактык бөлүмүнүн Суу менен камсыздоо жана шаардык өнүгүү башкармалыгынын улук директору менен жолукту. 

Жолугушууда жашыл стандарттарды киргизүү, канализациялык тазалоо курулмаларын куруу, ошондой эле эл аралык коомчулук колдонуп келе жаткан шаар куруу тармагындагы заманбап санариптик инструменттер боюнча маселелер талкууланды.

Министрдин орун басары белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлиги өз ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө жана стратегиялык милдеттерди ишке ашырууга, анын ичинде шаар куруу кадастрын иштеп чыгууга багыт алган.