icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бишкектеги көп кабаттуу турак үйдүн көп жылдык маселеси чечилди

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти көп жыл мурда мыйзамсыз курулуп калган көп кабаттуу үйлөрдүн маселесин чечүү боюнча иш жүргүзүүдө.

16-октябрда департаменттин директору Эрназарбек Суеркулов “Көк-Жар” конушунун Шоокум көчөсү 73 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн жашоочулары менен жолукту. Аталган турак үй көп жыл мурда “Толман строй” ЖЧКсы тарабынан мыйзамсыз курулуп, расмий пайдаланууга өткөрүлгөн эмес. Мунун айынан жашоочулар батирлерин өз атына каттай албай, кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтерди алуу процессинде чоң кыйынчылыктарга туш болуп келген.

Бул боюнча министрлик системалуу иш жүргүзүп, натйыжада жашоочулардын колуна объектинин пайдаланууга берүү боюнча шайкештик актысын (акт ввода в эксплуатацию) тапшырды.

Белгилей кетсек, Курулуш министрлиги Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2025-жылдан баштап турак үйлөргө байланыштуу көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп келет.