Бүгүн, 19-октябрда Бишкек шаарындагы “Алга” спорт комплексинде Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин демилгеси менен курулуш тармагындагы кызматкерлер арасында биринчи жолу футболдук турнир - Курулуш лигасы (К-лига) старт алды.
Иш-чарага министр Нурдан Орунтаев, министрликтин, курулуш компанияларынын жетекчилери, кызматкерлер жана куруучулар катышты. Командалар Курулуш министрлигинин жана курулуш компанияларынын кызматкерлеринен түзүлдү. Алгачкы беттеште А жана Б тайпасынан жалпы 8 команда күч сынашты.
Министр Нурдан Орунтаев өз сөзүндө: “Кыргызстанда стадион жана спорт объектилерин куруу-бул жөн гана курулуш эмес, келечек муундар үчүн салынган инвестиция. Мындай турнирлер кызматташтыкты чыңдап, жаңы идеяларга жол ачат. Футбол-бул команда болуунун мектеби жана достуктун белгиси”,-деп белгиледи.
Футболдук турнирдин негизги максаты - тармак ичиндеги ынтымакты бекемдөө, кызматташууну өнүктүрүү жана сергек жашоо образын калыптандыруу.
Белгилей кетсек, акыркы жылдары Президент Садыр Жапаровдун жана Кыргыз футбол федерациясынын президенти Камчыбек Ташиевдин колдоосу менен өлкөдө спорт инфратүзүмү өнүгүүдө. Жаңы стадиондор курулуп, эскилери жаңыланууда. Бул иштерде курулуш тармагындагы кызматкерлердин салымы өзгөчө мааниге ээ.
Футболдук турнир мындан ары ай сайын өтүп турат.


